7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Башкы прокуратуранын кеңейтилген коллегиялык жыйынына Сүйүнбек Касмамбетов катышты

674

КРнын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 30-январда, прокуратура органдарынын 2022-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча жылдык коллегиялык жыйынына катышты.

Сүйүнбек Касмамбетов белгилегендей, акыркы кезде Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы ишмердүүлүгүндө улуттук идеологияга өзгөчө көңүл бурууда. Мекемеде иш кагаздары мамлекеттик тилде жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, «Манас» эпосунан үзүндүлөр уктурулуп турганын башка органдарга үлгү катары баалады.

Коллегияда прокуратура органдарынын өткөн жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылды.

Ошондой эле, учурдагы көйгөйлөр талкууланды. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушев мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыздоо боюнча үстүбүздөгү жылга карата тийиштүү милдеттерди, талаптарды койду.

Жыйынга аймактардагы прокуратура кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Бекбосун Апсатаров, Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Чолпон Султанбекова, Сүйүнбек Өмүрзаков, УКМК жана ИИМдин өкүлдөрү катышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

675