7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Башкы прокурор Эмил Жамгырчиевди жоопкерчиликке тартууга уруксат сурады

521

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин депутаты («Альянс» фракциясы) Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат сурады. Бул тууралуу төрага Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымына караганда, эл өкүлүнө Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси боюнча айып тагылууда.

Бүгүнкү отурумда башкы прокурордун сунушун кароо боюнча атайын депутаттык комиссия түзүлдү.

Анын курамына депутаттар Данияр Төлөнов, Эльдар Сулайманов, Бахридин Шабазов, Кубанычбек Самаков, Алишер Эрбаев, Бакыт Тентишев, Азамат Исраилов, Султанбай Айжигитов кирди.

522