7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткен: 92 миңден ашуун тургун кайра үйлөрүнө кайта баштады

514

Учурда 92 миң 521 жаран кайра Баткенге кайта баштады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусуна жалпы 1500,632 тонна гумжардам жеткирилген. Анын ичинен 264,867 тонна ӨКМ тарабынан, 1036,62 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген . Учурда кампада 199,15 тонна гуманитардык жардам турат. Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп, Баткен облусунун аймагына жөнөтүлүүдө.

Ошондой эле, жалпы облус боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 36 242 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жайгашкан, 4 207 жаран эвакуациялык пунктарда, 3 800 жаран башка облустарга туугандарынын үйлөрүнө чыгып кеткен. Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран эвакуацияланган.

Республиканын бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 129 пункт уюштурулуп, кабыл алынууда. Алар:
— Ош облусунда – 44
— Жалал-Абад облусунда– 13;
— Нарын облусунда – 6;
— Ысык-Көл облусунда – 53;
— Чүй облусунда – 8;
— Ош шаарында –1;
— Бишкек шаарында – 4.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

515