Бишкекте аялы күйөөсүн бычак менен сайып өлтүрүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.
Билдирүүгө караганда, 25-сентябрь күнү болжол менен саат 04:26да «102» кызматына борбор калаадагы 11-кичирайонундагы үйлөрдүн биринде Р. аттуу жаран бычактан жараат алгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Аталган дарекке кайгуул кызматкерлери барып, жеринде 41 жаштагы Р.Р. аттуу жарандын сөөгү табылган. Анын төшүнө бычак сайылганы байкалган.
Кылмышка шектүү катары маркумдун 39 жаштагы Б.Н. аттуу жубайы кармалып, тергөө кызматына жеткиришкен. Кармалган аял үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам өзүнүн жолдошун бычак менен сайып жибергендигин билдирген.
Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.