
2020-жылында коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кесиптик чеберчилиги, кызматтык милдеттерине ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөгөн кызматкерлерге башкача айтканда өз кесибинин мыктыларына, ошондой эле жер-жерлердеги коомдук иштерге активдүү катышкан ардагерлер кеңешинин мыктылары аныкталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.
Баткен ОИИБнын “Кесиби боюнча мыкты”, “Мыкты ички иштер бөлүмү”, “Мыкты ардагерлер кеңеши” кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүнө атайын дипломдор, сыйлоо тасмасы, вымпелдер тапшырылды.

2020-жыл ичинде «мыкты ички иштер бөлүмү » болуп 1-орунга Кадамжай РИИБү, 1-даражадагы диплом, жана Вымпел, Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын өткөрүлүп берүүчү «Кызыл туусу » менен сыйланды. 2-орунга Лейлек РИИБү, 3-орунга Баткен РИИБү ээ болушту. Ал эми мыкты ардагерлер кеңеши деп 1-орунга Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы майору Арапов Ниймат табылса, 2-орунга Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы подполковниги Боронов Алимбек сыйланды. Ал эми 3-орунга Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы подполковниги Саттаров Карим Камчыевич ээ болду.
2020-жылда Баткен облусундагы шаар-райондук ички иштер бөлүмдөрү алгылыктуу иштерди жасашып, ийгиликтерге жетише алды. Жер-жерлерде иш алып барышкан милиция кызматкерлери профилактикалык иштерди жандандыруу максатында кылмыштуулуктун алдын алуу багытында бир топ иш-чараларды өткөрүштү.
Иш-чаранын жыйынтыгында Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Акылбек Мамасейитов “Коомдук тартипти сактоо – биздин милдет. Ар бир үлгүлүү иштеген кызматкер биздин сыймыгыбыз” деп жалпы өздүк курамды эл менен сылык болууга жана ар бир кызматкерди өз кызматына жжопкерчиликтүү менен мамиле жасоого чакырып кетти.

