7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткен облусунда шайлоо тилкелери ачылып, добуш берилүүдө

445

Баткен облусундагы шайлоо тилкелери ачылып, добуш берилүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Облус жетекчиси Абдикарим Алимбаев жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого Баткен шаарындагы №9801 шайлоо участкасынан добуш берди.

Облуста жалпы шайлоочулардын жалпы саны 345 468 жаранды түздү. Жалпы 219 шайлоо участкасы ачылып, өз иштерин баштады.

Баткен облусу боюнча 22 айылдык кеңеште, 6 шаардык кеңеште шайлоо өтүүдө. Облустун аймагындагы 6 шаардык кеңеште 166 мандатка 885 талапкер, ал эми 22 айылдык кеңештерде 552 мандатка 1007 талапкер ат салышууда.

Жергиликтүү бийлик органдары тарабынан бардык участкаларда электр энергиясы, интернет байланышы, жылуулук сыяктуу зарыл болгон бардык шарттар түзүлдү.

Коомдук коопсуздукту камсыздап, мыйзам бузууларга жол бербөө үчүн 950 милиция кызматкери, ИИМдин ардагерлери, элдик кошуундар күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.

446