Жалал-Абад облусундагы жалпы 452 шайлоо участкасында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өнөктүгү жүрүп жатат.
Аймакта шайлоого карата 774 миң 638 жаран катталган. Бүгүн облус боюнча 10 шаар жана 37 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгү өтүүдө. Мындагы жалпы мандаттардын саны 1197ни түзөт.
Белгилей кетсек, мындагы өнөктүк өлкөдө жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформадан кийинки шайлоо процесси болуп саналат. Жалал-Абад облусундагы участкаларда материалдык-техникалык базаны чыңдоо, үзгүлтүксүз жылуулук, электр энергиясы, интернет байланыштары менен камсыздоо маселелери толук каралып, коопсуздук көзөмөлгө алынган.