7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткен ОИИБы облус аймагындагы ИИОнун кенже жетектөөчү курамындагы кызматтарга конкурс жарыялайт

556

Баткен ОИИБы облус аймагындагы ИИОнун кенже жетектөөчү курамындагы кызматтарга конкурс жарыялайт. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Конкурска “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген укук коргоо органдарына кызматка кабыл алуунун жана кызмат өтөөнүн шарттарына жана квалификациялык талаптарына жооп берген 19 жашка толгон жана 30 жашка чейин мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылбаган, анык аскердик кызматты өтөгөн, же үй-бүлөлүк шарттары боюнча альтернативдик кызматты өтөгөн, бою 170 смден кем эмес Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алат.

Тиешелүү документтер 2021-жылдын 14-июндан 14-июлга чейин кабыл алынат. Конкурска катышуу үчүн талапкерлер тийиштүү документтердин тизмегин алуу үчүн жана суроолор боюнча Баткен ОИИБнын Кадрлар бөлүмүнө кайрылса болот.

Дарегибиз: Баткен шаары, Разаков көчөсү 4. Байланыш үчүн номерлер: 03622 5-02-75, 0773-977-789

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

557