Жалпы салмагы 20 кг гашиш жана 10 кг апийим чийкиси бар жүк кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, “ТР-КР-УР” каттамы боюнча өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизатын – гашиш жана апийим чийкисин ташуу менен алектенген эл аралык баңги топтун ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду.
«11-октябрда Баткен-Ош унаа жолунун Ош облусунун Ноокат районунун аймагындагы Россиянын жараны Б.С.С. жана Кыргызстандын жараны Р.Х.Э. кармалып, алардан баңгизат — жалпы салмагы 20 кг гашиш жана 10 кг апийим чийкиси табылып алынды. Аталган жарандар баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип камакка алынды»,- деп берилет маалыматта.
Учурда башка катышуучуларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.