7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткен: Сел нугуна курулган имараттар алынат

387

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов Баткен облусунун аймагында сел келген аймактарды кыдырууда. Жеринде ӨКМдин Мониторинг департаменти, шаардык мэриянын кызматкерлери менен кошо тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

5-май күнү нөшөрлүү жааган жаандан улам Раззаков шаарынын аймагында да сел суулары келген. ӨКМ куткаруучулары жана Жарандык коргонуу кызматтары жумуш алып барууда. Ал эми бүгүн Лейлек району жана Сүлүктү шаары боюнча жалпы 33 куткаруучу тартылды.

Маалым болгондой, Чыгыш көчөсүндө сел суулары кирген турак үйлөр негизинен селдин нугуна мыйзамсыз салынган. Министрдин орун басары жергиликтүү эл менен жолугушуп, селдин нугун ачуу зарылчылыгын түшүндүрүп, бул боюнча тиешелүү тараптарга тапшырмаларды койду.

 

388