7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткен:Тогуз кабаттуу эки турак үйдүн документи тапшырылды

271

Кызыл-Кыя шаарында дагы эки көйгөйлүү көп кабаттуу турак үй пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.

Сөз 30 жана 50 батирден турган 9 кабаттуу турак үйлөр тууралуу болууда. Алар 2018 жана 2021-жылдары курулуп бүткөнүнө карабастан, ушул убакка чейин расмий пайдаланууга берилбей келген.

Эми объекттерге шайкештик актылары тапшырылып, батир ээлери турак жайларын өз атына каттатып, укук белгилөөчү документтерди алууга мүмкүнчүлүк алышты.

Министрлик белгилегендей, өлкөдөгү көйгөйлүү көп кабаттуу үйлөрдү мыйзамдаштыруу иштери мындан ары да этап-этабы менен улантылат.

272