7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткен: «Тынчтыкка каршы кылмыш» беренеси боюнча иш козголду

815

Өлкөнүн Башкы прокуратурасы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча Жазык кодексинин 380-беренесинин («Тынчтыкка каршы кылмыш») негизинде кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

«Тажикстандын аскер кызматкерлеринин аракети мамлекеттин суверендүүлүгүнө жана бүтүндүгүнө каршы алдын ала пландаштырылган чагымчылдык жана агрессия катары бааланат. Алар эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды бузуп, ок чыгарышты», — деп айтылат маалыматта.

Андан соң коңшу өлкөнүн аскерлери Кыргызстандын чек ара заставаларына кол салганы да белгиленген.

Сотко чейинки өндүрүштү тергөө иштери УКМК, ИИМ жана Аскер прокуратурасынын кызматкерлеринен турган тергөө тобуна тапшырылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

816