Баткендеги Сумбула айылындагы балдар бакчасынын жер тилкеси ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирет.
Бул бала бакча 2005-жылы мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен. Аянты 0,30 га, базар баасы 3 млн.750 миң сом болгон жер тилкеси ыктыядуу түрдө Лейлек районунун Сумбула (мурда — Андарак) айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилди.
Бул жерде 2025-жылы бала бакчанын жаңы имаратын куруу пландалууда.