7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде 32 мечиттин ишмердүүлүгү токтотулду

438

Мекемелер аралык жумушчу топ Баткен облусунун аймагындагы диний жайлардын ишмердүүлүгүн текшерүүдө. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Топтун курамына УКМКнын, ИИМдин, ДИМКнын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, башкыархитектуранын өкүлдөрү, “Кадастр” мамлекеттик мекемеси жана КМДБнын өкүлдөрү киришти.

Баткен облусунун аймагында диний кырдаалга терс таасирин тийгизген, радикалдык-экстремисттик идеологиянын динге ишенгендер арасында жайылышына өбөлгө түзгөн негизги факторлор болуп, белгиленген нормаларды, калктын реалдуу муктаждыктарын эске албай диний объектилердин башаламан курулушу, ошондой эле бирдиктүү стандарттардын жоктугу жана диний билим берүү мекемелеринде билим берүүнү көзөмөлдөөнүн жоктугу эсептелет.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, “Кыргызстандагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” КРнын мыйзамынын талаптарын бузгандыгы, архитектуралык-курулуш, санитардык-эпидемиологиялык нормалардын жана өрт коопсуздугунун талаптарын бузгандыгы үчүн 55 мечитке жана 6 диний окуу жайга акт түзүлүп, көрсөтмөлөр берилди.

Мындан тышкары 32 мечиттин жана 5 диний окуу жайдын ишмердүүлүгү токтотулуп, Баткен облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан 8 материал Маалыматтарды каттоо журналына катталды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

439