7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутаттар транспорт министри келбегендиктен, жыйынды өткөрбөй коюшту

416

Парламенттеги Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйыны болбой калды. Буга Транспорт министрлигинин жетекчиси Тилек Текебаевдин келбей калганы себеп болгон.

Комитет төрагасы Мурадил Сыдыков белгилегендей, депутаттар «Жол фонду жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы боюнча министрдин маалыматын, жолдорду жана жол курулуштарын оңдоочу объектилердин бириктирилген титулдук тизмесин угушу керек болчу.

“Урматтуу министр бул жолу да жок. Бизде атайын комиссия бар. Тилек Текебаев кечээ Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетке катышты. Бул сыйлабастык. Мыйзам долбоорлору өтпөй калганда гана келет экен”, — деп нааразы болду депутат Улугбек Ормонов.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

417