7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде 40 жаштагы жаран кошунасынын короосунда асынып алган

1434

Баткенде жаран кошунасынын короосунда асынып алган абалда табылган. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 23-февралда Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын 54 жаштагы тургуну бир тууган иниси 40 жаштагы К.К. 17-февралында өзү жашаган Кызыл-Бел айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айтып, арыз менен кайрылган.

Арыз Баткен РИИБге каттоого алынып, дайынсыз жоголгон адамдын жүргөн жерин аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлгөн.

Алынган ыкчам маалыматтардын негизинде, ошол эле күнү К.К. эч ким жашабаган коңшусунун короосунда асынып алганы белгилүү болгон.

«Интернет булактарында «Баткендеги тургун айылдын четиндеги сарайдан колу-буту байланып, асынган абалда табылды» деген маалымат чындыкка дал келбейт. Маркумдун бир туугандары жансыз денени ички изилдөөдөн баш тартышып, окуя боюнча эч кимге арыз-доосу жок экендигин билдиришип, тил кат менен кайрылышкан», — деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1435