2025-жылдын 12-июлунда Кыргыз Республикасынын Адвокатура күнү белгиленип, ушул күнгө карата Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында спорттук иш-чара уюштурулду.
Иш-чаранын максаты — адвокаттар арасында сергек жашоо образын жайылтуу жана кесиптештер ортосундагы ынтымакты чыңдоо болду. Мындан сырткары, иш-чара аймактык адвокатуралардын активдүүлүгүн арттырууга жана региондордогу укуктук маданиятты өнүктүрүүгө багытталды.
Мелдештер төмөнкү спорт түрлөрү боюнча өткөрүлдү:
— Мини-футбол (эркектер арасында)
— Волейбол (кыз-келиндер арасында)
— Шахмат (жалпы катышуучулар үчүн)
Жеңүүчүлөр:
Мини-футбол
1-орун — Чүй аймактык Адвокатурасы
2-орун — Жалал-Абад (1-команда)
3-орун — Жалал-Абад (2-команда), Бишкек аймактык Адвокатурасы
Волейбол:
1-орун — Бишкек аймактык Адвокатурасы
2-орун — Ош аймактык Адвокатурасы
3-орун — Жалал-Абад аймактык Адвокатурасы
Шахмат:
1-орун — Молдогазиев А.М. (Ысык-Көл)
2-орун — Акбаров Ш.А. (Жалал-Абад)
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңеши 2024-жылы да спорттук иш-чараларды уюштурган.