7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде 2,6 млн сомдук аткезчилик жүк кармалды

642

Баткен облусунда ири суммадагы аткезчилик жүк кармалганын УКМКдан билдиришти.

Баткен облусунун Лейлек районунун Мурас-Арка унаа жолунда 11-декабрынан 14-декабрына чейин төмөнкү контрабандалык жол менен келе жаткан товарлар кармалган:

  1. 1993-жылы туулган Арка айылынын тургуну жана Кулунду айылынын 1981-жылы туулган тургунунун башкаруусундагы эч кандай коштоочу документтери жок көп сандагы тиричилик техникалары бар 2 даана Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү автоунаа;
  2. Кулунду айылынын 1985-жылы туулган тургуну А.А.А.нын башкаруусундагы Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаа, эч кандай коштоочу документтери жок кондитердик азыктары (650 коробка таттуу нерселер, жалпы салмагы болжол менен 3250 кг) менен.

Кармалган унаалар жүк менен бирге “Жаңы-Жер” чек ара заставасынын аймагына сактоо үчүн токтотулду. Эксперттин алдын ала эсептөөлөрү боюнча, кармалган жүктүн болжолдуу суммасы 2 миллион 650 миң сомдон ашык.

Бул фактылардын негизинде УКМК иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

 

643