«Таджикистан-Кыргызстан-Казахстан-Россия» каттамы боюнча өзгөчө ири өлчөмдөгү баңги заттары – апийим чийки затын ташуу менен алектенген эл аралык баңги тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 25-майда Баткен облусунун Лейлек районунун Арка айылындагы чек ара тилкесинде комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда «Х.Т.У.» аттуу коңшу өлкөлөрдүн биринин жараны жалпы салмагы 8 кг 350 гр болгон апийим менен кармалды.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кылмыш-жазык процестик кодексинин 98-беренесине ылайык, баңги затын мыйзамсыз жүгүртүү боюнча кылмышка шектүү делген жаран кармалып, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул кылмыштын башка дагы катышуучуларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралар жүрүп жатат.