7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эл аралык каттам: Поезддердин кыймылы кайра жанданды

479

«Кыргыз темир жолу» УК” МИнин эл аралык каттамда жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддеринин кыймылы кайра жанданды. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Самара каттамы 8-июндан баштап, Бишкектен жумасына эки жолу шаршемби жана жума күндөрү жөнөйт. Бишкек – Казань каттамы 6-июндан баштап, Бишкектен дүйшөмбү күндөрү, жумасына бир жолу, ал эми Бишкек-Новосибирск каттамы 9-июндан баштап Бишкектен 8 күндө бир жолу каттайт.

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин Башкы мамлекеттик дарыгеринин 2022-жылдын 29-апрелиндеги № 21 буйругун аткаруу үчүн поездге түшүү үчүн COVID-19га карата ПЦР методу менен алынган тесттин терс жыйынтыгы менен (казак, орус же англис тилдеринде), берилген күндөн тартып Казакстан Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өткөн учурда 72 саат өтпөгөн маалымкат (мындан ары — Маалымкат) талап кылынат.

Талап кылынбаган төмөнкүлөргө документтер:
1. 5 жашка чейинки балдар, аларды коштоп жүргөн адамдарда маалымкаты бар болсо;
2. Казакстандын өкмөттүк делегацияларынын мүчөлөрү;
3. Локомотив жана поезд бригадаларынын экипаждары;
4. Казакстандын мамлекеттик чек арасын кесип өткөн учурда Казакстанда ревакцинацияны же COVID -19га каршы эмдөөнүн толук курсун алган адамдар, эгер экинчи компонентти алгандан кийин 6 айдан ашык убакыт өтпөсө, буларды тастыктоочу документти көрсөтүү менен;
5. Казакстан Республикасынын аймагында жарактуу деп таанылган COVID-19 вирусуна каршы эмдөөдөн өткөндүгү жөнүндө паспорт/сертификат/маалымкатты көрсөткөн адамдар.

Казакстандан аймагына ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин аймагынан, ошондой эле Азербайжан Республикасынын, Молдова Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстандын аймагынан келген адамдар Маалымкатты көрсөтүшөт, анын ичине «Путешествую без COVID – 19» мобилдик тиркемесин колдонуу да кирет.

Белгилей кетсек, Кыргызстанга кирүүгө негизинен алып караганда эч кандай чектөөлөр жок.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

480