7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде дайынсыз жоголгон 6 баланын энеси үйүнө жакын жерден табылды

348

Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталында 23-ноябрдан тарта дайынсыз жоголгон Мактым Кожонованын жансыз денеси табылды.

Маалыматка караганда, анын денеси милиция кызматкерлери тарабынан өзү жашаган үйдөн 200 метрдей аралыкта өскөн бүлдүркөндүн арасынан табылды. Анын маасысын иттер бакка көтөрүп келип, ошол аркылуу издөө иштери жүргүзүлгөн. Маркумдун денеси Баткен облустук бириккен ооруканасынын мейитканасына берилип, атайын экспертиза дайындалды.Буга чейин Баткен ОИИБ М.Кожоновага милиция тарабынан кысым болгон деген маалыматтар чындыкка дал келбей тургандыгын билдирген. Ушул 2020-жылдын 19-ноябрында М.Кожонова өзүнүн 17 жаштагы кызын жашы жете электигине карабастан турмушка узатып жиберген.

Бул факт Баткен ШИИБде Жазык кодексинин 178-беренеси (диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. 20-ноябрь күнү Баткен ШИИБдин имаратына М.Кожонова жолдошу Мамасадык Рахманов менен суракка чакыртылып, 1 саатка жетпеген убакта кайра кетишкен.Окуя тууралуу:Изделип жаткан Мактым Кожонова үй-бүлөсү менен шаардын Кызыл-Жол кварталында жашачу. 23-ноябрда үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып барган эмес. Аны табуу иштерине ӨКМден, милициядан кызматкерлер тартылып, туугандары, айылдаштары кошулуп, 200дөн ашык адам издеген. Анын 1 уул, 5 кызы бар. Эң кичүү кызы 6 жашта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

349