7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде сел жүрүп, ички чарбалык жолдор менен турак үйлөр кыйрады

444

Кечээ, 1-августта 21:30дар чамасында Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагына караштуу Алыш айылында жааган жаан чачындын кесепетинен сел жүргөн. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Алыш айлында 17 турак үйдүн королорун, анын ичинен 7 турак үйдүн жер телөсүнө сел суулары кирген. Сел кетүүчү сай ичиндеги 4км ички чарбалык жолду бузуп кеткен, учурда каттам кыйынчылык менен өтүүдө.

Сай жээгиндеги 13 огороддун жээгин алып эрозия жараткан. Сугат суу берүүчү каналдын 3 жерине кум-шагал толтурулуп, РЭС ишканасына караштуу 4 столбаны бузуп кеткен. Ошондой эле Үч-Коргон а/а Валакыш айылындагы сел кетүүчү сайдан сел жүрүп сай ичиндеги 700м ички чарбалык жол жараксыз. Сел жүргөн аймакта Кадамжай райондук ӨКБнүн башчысы капитан Р.Айтиевдин башчылыгында улук лейтенант А.Алимбердиев жана райондук ЖК комиссиясы иликтөө, тактоо иштерин жүргүзүүдө.
Көтөрмө а/а Кызыл-Булак айылындагы сел кетүүчү сайдан сел жүрүп сай ичиндеги 200м ички чарбалык жолду бузган. Азыркы убакта ЖК комиссиясы иликтөө тактоо иштерин жүргүзүүдө», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

445