Чүй облусунун Кемин районунда “Honda Fit” үлгүсүндөгү унаа оодарылып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 133-чакырымында “Honda Fit” унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, унаа оодарылып кеткен.
“Кырсыктын кесепетинен 2001 -жылы туулган айдоочу Э.И. көз жумду. Окуя болгон жерге Кемин шаардык ӨКМнин 4 куткаруучусу барышып, маркумдун сөөгүн унаадан чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен”, — деп берилет маалыматта.