Бүгүн, 2-августта кыргызстандык Мээрим Жуманазарова Токиодогу Олимпиадада алгачкы атаандашын жеңип алды.
Аялдар күрөшү боюнча 68 кг чейинки салмактык категориядагы таймашта Мээрим Жуманазарова болгариялык Мими Христова менен беттешип, 7:5 эсебинде жеңип алды.
Белгилей кетсек, Христова Европа чемпиону жана Европа оюндарынын күмүш медалынын ээси.