7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде өспүрүм кыз жана энеси жарылуудан жабыркады

401

Баткен облусунда өспүрүм кыз жана энеси жарылуудан жабыркады. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 5-январда, болжол менен саат 16:40тарда, Лейлектин Арка-2 кыштагында болгон.

Жарылуунун себеби А.Н. аттуу аял эски курулуш материалдарынын арасынан тапкан аныкталбаган жарылгыч зат (снаряд) болгон.

«Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, үй ээси бастырманын астындагы эски курулуш материалдар менен темир буюмдарды жыйнап жатып, белгисиз жарылгыч зат (снаряд) таап алып, ал жарылып кеткен. Мунун кесепетинен Н.А. жана алыс эмес турган 12 жашар кызы жаракат алышкан», — деп билдиришти аталган кызматтан.

Учурда Жабыркаган эне менен кызы ооруканада, абалы туруктуу.

Жарылуу болгон жерди УКМКнын Чек ара кызматынын инженерлери дароо курчоого алышкан.

Окуя болгон жерде бардык жагдайды аныктоо үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери комплекстүү тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатышат.

УКМК чек ара аймагына жакын жайгашкан айылдардагы элди кыраакы болууга, шектүү буюмдарга тийбөөгө жана андай нерселерди таап алса, дароо тиешелүү тараптарга билдирүүгө чакырды.

402