7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Лейлекте турак үйдөн өрт чыкты

854

Лейлекте турак үйдөн өрт чыгып, бир нече буюмдар күйүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Кулунду айылында К.Д. аттуу жаранга таандык турак үйдө өрт чыгып жаткандыгы боюнча түнкү саат 02:58де маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылып, жалпы аянты 24 чарчы метрге жеткен өрт саат 03:41де толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен бөлмө ичиндеги 1 даана шкаф, килем, бешик, терезе, 14 даана жаздык, тигүүчү кол машина, күзгү, палас жана кийим-кече өрттөнүп кеткен.

Жабыркагандар жок.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

855