Кызыл-Кыя шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, бүгүн, таңкы саат 04:45те Кызыл-Кыя шаарынын 1-кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн батиринде аристондун суу насосу күйүп жаткандыгы тууралуу 101 байланыш кызматына маалымат түшкөн.
Жерине 4 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 05:05те өрт толугу менен өчүрүлгөн.
Өрт электр зымдарынын кыска туташуусунан улам чыккан. Жабыр тарткандар болгон жок.