7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл болду

589

Бүгүн, 16-апрелинде Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толот. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

«Бул кыска тарыхый мезгилдин ичинде өлкөлөр кызматташуунун жемиштүү жолун басып өтүшүп, 2020-жылы Кыргызстан менен Венгриянын эки тараптуу мамилелери стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жетти. Тараптар бекем келишимдик-укуктук базага негизделген кыргыз-венгер мамлекеттер аралык мамилелерин куруу боюнча олуттуу иштерди аткарышты. Бийик жана жогорку деңгээлдеги саясий диалог, ошондой эле биздин мамлекеттердин ортосундагы парламенттер аралык кызматташтык түзүлдү.

2020-жылы Бишкекте Венгриянын элчилигинин жана 2021-жылдын 4-октябрында Будапештте КРнын элчилигинин ачылышы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү тарыхый окуя болуп калды. Дагы бир маанилүү кадам 2021-жылдын 5-ноябрында баш кеңсеси Бишкекте жайгашкан Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишке киришиши болд.

Кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин, экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-венгер өкмөттөр аралык комиссиясынын, кыргыз-венгер ишкерлер кеңешинин алкагында активдүү иштер жүргүзүлүүдө,-деп берилет маалыматта.

Учурда Бишкек-Будапешт-Бишкек багыты боюнча түз авиакаттамын ачуу боюнча да биргелешкен иштер жүргүзүлүүдө.

«Тараптар билим берүү жана маданий-гуманитардык кызматташтык чөйрөсүндөгү кызматташууга чоң маани беришет. Өткөн жылы венгер тарап кыргызстандык студенттер үчүн Венгриянын ЖОЖдорунда билим алуу квоталарын жыл сайын 200 орунга чейин көбөйтүүнү чечкен. Билим берүү жана кесиптик даярдоо жаатындагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

Бул жылдар аралыгында Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда Евробиримдиктин, БУУнун жана Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында туруктуу диалог түзүлдү. Венгрия 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында өткөн Биринчи ЕБ-БА Экономикалык форумун өткөрүү боюнча Кыргызстандын демилгесин колдогон. Форумга Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто жана 15тен ашык венгриялык ишкерлерден турган бизнес делегация катышкан»,-деп берилет билдирүүдө.

Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто куттуктоо каттары менен алмашышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

590