Москва районунда уурулукка шектүү кыз кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 12-апрель күнү Москва РИИБүнө 1957-жылы туулган К.А., атту жаран арыз менен кайрылып, анда белгисиз адамдар үйүнө кирип уюлдук телефондорун жана 60 миң сом, 500 долар АКШ акчаларын уурдап кеткендигин билдирген.
Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин негизинде аталган кылмышка шектелип 1998-жылы туулган И.М., аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.