Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бириккен Араб Эмиратынан келген «Masdar» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бакыт Төрөбаев өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалы туурасында айтып берип, энергиянын жаңылануучу булактары жаатындагы долбоорлорду өнүктүрүүнүн артыкчылыгын белгилеп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда кызматташууга чакырды.
Энергиянын жаңылануучу булактары жана шаарларды туруктуу өнүктүрүү тармагындагы дүйнөлүк лидер катары таанылган «Masdar» компаниясынын өкүлдөрү алгачкы этапта кубаттуулугу 200 мегаватт күн станцияларын куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга кызматташууга даярдыгын билдирди.
Жолугушууда келечектеги кызматташуу маселелери талкууланды.