7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде жигиттер 470 миң сомдук кийимдерди уурдашкан

538

Баткен шаарында дүкөндөн кийим уурдоого шектелип 6 жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга Баткен районунун Бужум айылынын 30 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, эркек кишилердин кийимин сатуучу дүкөнүнөн белгисиз жарандар жалпы суммасы 470600 сомдук болгон кийимдерин уурдап кеткендигин билдирген.

Бул арыз Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталып, иликтөө иштери башталган.

9-март күнү Баткен шаарынын 18 жаштагы беш тургуну жана 17 жаштагы бир тургуну кармалып, жанынан далилдүү буюм катары кийим-кечелер алынган.

Учурда шектүүлөр убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

539