7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткендеги куралдуу кагылышка Кыргызстанды күнөөлү деген «Азаттык» радиосу 2 айга жабылат

718

Баткендеги куралдуу кагылышка Кыргызстанды күнөөлү деген “Азаттык” радиосу 2 айга жабылат.

Тажик агрессиясы учурунда “Азаттык” радиосу Кыргызстан тарапты күнөөлөп, биринчи ок атып, оор согуштук куралдарды колдонду деген жалган маалымат тараткан.

Анда, “Азаттыктын” Бишкектеги редакциясы тажик журналистине түз эфирде мүмкүнчүлүк берип, ал “Кыргызстан мурдагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө карабай куралдуу кол салды. Тынч жаткан элди аткылап, оор согуштук техникаларды тартып, беспилотниктерди колдонду”-деп сүйлөгөн.

Мындай жалган маалыматы үчүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги бир нече жолу өтүнүч менен кайрылып, маалыматты өчүрүп коюну суранган. “Азаттыктын” жетекчиси Айзада Касымалиева өтүнүчтү четке кагып, баш тарткан.

Мыйзамга ылайык, массалык маалымат каражаты жарыялаган жалган маалыматын өчүрүүдөн баш тартса, анда ал 2 айга убактылуу жабылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

719