«Ачык пикир» берүүсүнүн коногу экс-депутат Турсунбай Бакир уулу Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча пикирин билдирип, суроолорго жооп берди.
«Кызыл-Октябрда, Куршабда турган шайлоочулар мага кайрылышып, «биздин ата-бабалырыбыз жерлери калып калды, конпенсация алган жокпуз»,- дешти. Ошол мезгилде Кыргыз ССРинин жетекчилиги алардын баарын көчүрүп, турак жай куруп бериш керек эле. Ошондон улам эл мага кайрылып бул маселе кандай чечилиши керек, сиз Турдакун Усубалиевге жолугуңуз дешти. Турдакун Усубалиевге жолугуп, элдерди чогултуп берейин сиз баарына түшүндүрүп бериңиз дедим… Ошентип, бул маселени Жогорку Кеңеште көтөрө бердим. Таң калганым бүгүнкү Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маселени көтөргөндөр ошондогу эле депутаттар эле. Мени бири дагы колдогон жок»,- деди ал.
Маекти толугу менен төмөнкү ссылканы басып көрө аласыздар