7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткендеги куралдуу кагылыштан 27 жаштагы Нурсултан Жаныбеков каза болду

616

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан чек арачы Нурсултан Жаныбеков 27 жашында каза болду. Ал өзү туулуп-өскөн Нарын районунун Оттук айылында акыркы сапарга узатылды.

Нурсултан Жаныбеков 1995-жылы туулган. 2014-жылы Оштогу №92843 аскер бөлүгүндө аскердик милдетин өтөгөн. Андан кийин Мамлекеттик Чек ара кызматынын №2025 аскердик бөлүгүнө аскердик кызматкер, «Көк-Айгыр» чек ара кызматында жана «Бөрү» атайын отрядынын улук чалгынчы-улук көзгө атаары болуп эмгектенген. Быйыл мартта №2054 аскер бөлүгүнө улук чалгынчы-улук аткыч кызматына дайындалып, Баткен облусундагы Раззаков шаарына кызмат өтөөгө жиберилген.

Нурсултан Жаныбеков президенттин Ардак грамотасын алган. Ал үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

617