Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда «Бөрү» отрядынын 1-тобунун командири Гүлжигит Бектенов 27 жашында каза болду. Анын сөөгү 18-сентябрда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда өзү туулуп-өскөн Кызыл-Туу айылында жерге берилди.
Ал 16-сентябрда Баткен районундагы «Достук» чек ара бекети аткыланган учурда курман болгон. 27 жаштагы капитан 2017-жылы Казакстандын Чек ара академиясын аяктаган. Ошол эле жылы Лейлек районундагы аскер бөлүгүндө «Бөрү» атайын отрядынын 1-тобунда кызмат өтөп баштаган. 2019-жылы «Даңк» медалы менен сыйланган.
Анын артында эки айлык кызы менен жубайы калды.