Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан чек арачы Чыңгыз Акчалов 24 жашында каза болду. Аны 18-сентябрда кичи мекени Талас облусунун Манас районуна караштуу Бала-Саруу айылында жерге берилди.
Чыңгыз танкалык бөлүктүн командири болгон. Жакындарынын айтымында, ага Бужум айылындагы атышуу учурунда танк түтөп, сыртка чыкканда жүрөгүнө ок тийип каза болгон.
Ага лейтенант Чыңгыз Акчалов 1998-жылы Манас районунун Бала-Саруу айылында туулган. 2016-жылы орто мектепти аяктагандан кийин Бишкек шаарындагы Калыйнур Үсөнбеков атындагы аскер институтунда окуган. 2019-жылы Ош облусундагы аскер бөлүгүндө эмгектенген. 2021-жылы Баткен облусуна которулуп, чек ара кызматына өткөн.
Орусияда өткөн танкисттердин биотлонунда ийгилик көрсөтүп, президенттин колунан алкыш баракчасын алган. Чыңгыз беш бир туугандын үчүнчүсү болгон.