Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда 24 жаштагы Апсамат Жекшенбеков шейит кетти. Ал Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Терек-Суу айылында акыркы сапарга узатылды.
Апсамат Жекшенбеков 1998-жылы 2-майда жарык дүйнөгө келген. Туулуп-өскөн Терек-Суу айылындагы Анварбек Чортеков атындагы орто мектепти 2016-жылы бүтүрүп, ошол эле жылы Бишкек шаарындагы Советтер Союзунун Баатыры Калыйнур Үсөнбеков атындагы аскердик окуу жайына өткөн.
Окуусун ийгиликтүү аяктагандан кийин лейтенант наамы менен Баткенде кыргыз-тажик чек арасында кызмат өтөөгө жөнөтүлгөн. Баткенде кызмат өтөп жүргөн учурда улук лейтенант наамы берилип, взводдун командири болуп кызмат өтөп жаткан.