7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенден Бишкекке баңгизатын алып келе жаткан жарандар кармалды

284

Баткенден Бишкекке баңгизатын алып келе жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Баткен облусунун Лейлек районунда 12-январь күнү Исфана шаары аркылуу өтүүчү Ош-Исфана унаа жолунда Бишкек шаарына каттаган Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаада жүргүнчү катары бара жаткан Ош облусунун Кара-Суу районунун 32 жаштагы тургуну Н.А.нын жанынан өзгөчө жыты бар, баштыкка оролгон салмагы 1килограмм 600граммдан ашуун күрөң түстөгү зат табылып алынган. Алынган затка экспертиза дайындалып, экспертизанын корутундусунда баңгизатынын гашиш түрү экендиги аныкталган.

Ал эми тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары кармалган 32 жаштагы Н.А. өзүнүн көрсөтмөсүндө кылмыштуу шериги Бишкек шаарында экендигин билдирген. Лейлек РИИБинин ыкчам кызматкерлеринин жана Бишкек шаарындагы Ленин РИИБнин кызматкерлери менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Бишкек шаарынан Ош облусунун Кара-Суу районунун 39 жаштагы И.Ш. аттуу тургуну аныкталып кармалган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип кармалгандар мурда оор берене менен соттолгон. Азыркы күндө кармалгандар убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

285