Баткен облусунан борборго эвакуацияланган 430 жаран келди.
«Келген жарандарды «Вайт отель » мейманканасы, «Ширин ботаник» мейманканасы, Медициналык академиянын жана «Ала-Тоо» университетинин жатаканалары, «Тумар» жана «Достук» мейманканалары, «Виа Бишкек», «Лагуна» мейманканалары кабыл алышты. Келген баткендиктерге камкор атуулдар борбордун акимдиктери менен биргеликте тамак уюштуруп жатышат. Алардын бардыгына керектүү каражаттар берилди»-деп берилет маалыматта.