7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

#Баткенге_жардам. «Мөл-Булак» чек-ара чырынан жабыркаган 130 жарандын насыясын кечти

3008

Бүгүн 11-майда Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен облусунда ишмердүүлүгүн жүргүзгөн банктардын жетекчилери менен жолукту.

Анда кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн окуяларда каза болгон, ден соолугунан жабыркаган жана турак жайсыз калган жарандардын, банкттан алган насыялары боюнча мүмкүнчүлүктөрдү кароо маселесин талкуулашты.

Облус башчысынын сунушун дээрлик бардык банкттар колдой тургандыктарын, банк тарабынан насыяларды кечүү эле эмес, керектүү жардамдарды көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

«Мөл-Булак» кичи насыя компаниясы 130 жарандын насыясын кечкенин билдирди. Анын 126сы чек арадагы окуяда ар кандай жараат алгандар болсо, 4 каза болгон. Ошондой эле каза болгон 36 жарандын үй-бүлөсүнө 25миң сомдон, жараат алган 154 жаранга 10миң сомдон акчалай жардам көрсөтүлгөнүн айтышты.

Ошондой эле ФИНКА кичи насыя берүүчү компаниясы чек ара айылдарынын бирине ФАП куруу боюнча чечим кабыл алгандыктарын билдиришкен.

Башка бардык банк жетекчилери, бул боюнча маселелерди карап жатышканын, банк кызматкерлери окуядан жабыр тарткандарга бир күндүк  маяналарын которушаарын айтышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3009