7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Базарларда акысыз тестирлөө учурунда сегиз адамдан ВИЧ илдети аныкталды

371

Бишкектин базарларында ВИЧ, сифилис, В жана С гепатиттери боюнча акысыз жашыруун тестирлөө уланууда. Акысыз тестирлөө 1-декбарда аяктайт.


Тестирлөө 30-ноябрда «Дордой-Дыйкан» базарында, 1-декабрь — Орто-Сай базарында болот. Көчмө биологиялык лабораториянын иштөө убактысы саат 10: 00дөн 15: 00гө чейин.


Республикалык «СПИД» борборуун маалыматына ылайык, 30-ноябрдагы бир жуманын жыйынтыгы менен 500гө жакын адам текшерүүдөн өтүп, алардын сегизининен ВИЧ табылган.


Жарандарды ВИЧке жана гепатитке текшерүү боюнча ыктыярдуу акцияларды өткөрүү демилгеси Республикалык «СПИД» борборуна таандык. Мындай иш-чаралар Кыргызстанда үч жылдан бери болуп жатат жана мындан ары ВИЧти аныктоого эмес, адамдын өзүн-өзү үзгүлтүксүз текшерип турууга болгон умтулуусун калыптандырууга багытталган.


Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Кыргызстанда 16 күндүк акция боюнча жалпы 1 миң 500 миң адам текшерүүдөн өтүп, алардын бешөөнөн илдет аныкталган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

372