7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бажы кызматкерлери аттестациядан өттү

714

Мамлекеттик бажы кызматы бул мекемеде иштеген 406 адамдын ээлеген жумуш ордуна ылайык келерин аныктоо максатында аттестациядан өткөрүлгөнүн билдирди.

Ага ылайык, 234 адам аттестациядан өткөн. Дагы 94үнө ээлеген кызматынан жогорулатуу сунушу берилген. Ал эми 64 кызматкерди кайра аттестациядан өткөрүү, алты адамды жумушунан төмөндөтүү чечими кабыл алынган. Сынактан алты адам өтпөй калып, иштен кетирүү сунушу берилген.

Бажы тармагы коррупцияга байланыштуу сын-дооматтан арыла элек. Буга чейин мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирүүгө, паракорчулукка айыпталып бул мекеменени жетекчилери, кызматкерлери кармалып кылмыш иштери козголгон.

2020-жылы Октябрь окуясынан кийин келген бийликтин тушунда бажы кызматынын башчылары бир канча жолу алмашты. Жетекчилеринин бири Адилет Кубанычбеков эки айдай гана иштеп, коррупциялык схема түзгөн деп камалып, 51 миллион сом мамлекетке кайтарып үй камагына чыккан.

Булак: Азаттык

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

715