7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бажы кызматынын Ош облусундагы 7 кызматкери кармалды

307

Акча каражаттарын системалуу түрдө талап кылгандыгы үчүн Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облусундагы кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

4-декабрда Бажы кызматынын (Кара-Суу районунун, Ош облусунун аймагында) «БИМИ Ош сервис» бажылык каттоо жеринин кызматкерлери арасында бажы тазалоо жол-жоболорун тездетип жүргүзгөндүгү жана бажы мыйзамдарын бузууларды жашыргандыгы үчүн тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларынан системалуу түрдө акча чогултуу фактылары боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлдү.

Бул кылмыш иши боюнча «БИМИ Ош сервис» бажылык каттоо жеринин эки башкы инспектору А.Д.М .жана А.А.Ш., «БИМИ Ош сервис» БКЖнын 2 улук инспектору Ж.у.К. жана Ж.Ч.И., «Ош» бажы көзөмөл бөлүмүнүн башкы инспектору К.М.Н. жана «Мега логистик» БКЖнын башкы инспектору Р.М.М., ошондой эле ортомчу катары иш алып барган оператор кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

308