7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бажы төлөмүн менчиктеген «Түндүк» темир жолунун кызматкери кармалды

1795

Кечээ, 29-июлда «Түндүк» темир жолунун бажы тариздөө борборунун бажы эрежелерин сактоо боюнча тобунун инспектору «Х.Э.» пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал тиешелүү бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн, кийинки келген жүктүн мыйзамсыз өтүүсү үчүн акча алып жаткан. «Түндүк» темир жол бажысынын бажы тариздөө борборунун бажы эрежелерин сактоо боюнча тобунун кызматкерлери логистикалык компаниялардын айрым өкүлдөрү менен туруктуу кылмыштуу мамиледе болуп, интернет продуктуну керектөөчүлөрдөн жана логистикалык компаниялардан тиешелүү бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн товарларды өткөрүп туруу үчүн системалуу түрдө акча алып турушканы аныкталган.

Азыркы учурда «Түндүк» темир жол бажысынын бажы тариздөө борборунун кызмат адамдарынын жана айрым логистикалык компаниялардын бажыдагы коррупцияга тиешеси бар экенин аныктоого, ошондой эле жеке жана юридикалык жактарга бажылык тариздөөдөн мыйзамсыз өткөн онлайн товарлардан келтирилген зыянды аныктоого багытталган тергөө-оперативдик иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүп жатат. Кармалган адам КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1796