7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бегалы Наргозуев: Кыргыз кино тармагында ынтымак жок жана көрө албастык зор

517

Кинорежиссёр, журналист, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бегалы Наргозуев: Былтыр декабрда бет ачаары болгон «Жылкычы чымчык» көркөм тасмабыз бир жыл ичинде отуздан ашык эл аралык фестивалга катышып, көптөгөн сыйлык алды. Негизинен, тасма – экологиялык же аялдар укугун коргоо маселелери менен байланышкан фестивалдарга чакырылды. Эл аралык фестивалдарды жогорку «А», же андан кийинки «Б», же башка категориядагы сынактарга бөлүү талаш жараткан ыкма экен, көптөгөн адис киночулар аны – коммерциялашуунун белгиси катары мүнөздөп, фестивалдарды андай сортко бөлүүнү тааныбаганын билдик.

Кыргызстандагы адис киночулар биздин тасмага көп көңүл бурбаганын мен алгач – киномдун сапаты начар го деп түшүнгөм, бирок эл аралык фестивалдарды уюштургандар же алардын жюрилеринде отургандар деле дасыккан кино адистери эмеспи. «Жылкычы чымчык» тасмабыз быйылы жакында өткөрүлгөн Экинчи Бишкек фестивалына катышканда – кыргыз кино тармагында жалпы кызыкчылыктан мурда кайсы бир тайпанын кызыкчылыгы өйдө коюлуп, ынтымак жок жана көрө албастык зор экенин көрдүм…

518