7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бейшеналиев: «Алтын балалыкта» Сириядан келген балдар дарыланууда. Жакында 400 бала алып келинет

1048

Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын балалык» ден соолукту калыбына келтирүү борборунда Сириядан келген балдар дарыланып жатат. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, жакынкы убакытта 400 бала, 170 аял Сириядан алып келинет.

«Сирияда биздин жарандар Кыргызстанга кетебиз деп күтүп жатышыптыр. Мына бир жылдан бери биздин президент, өкмөт, ТИМдин аракети менен азыркы кезде Сириядан биринчи партиясы, тагыраагы балдар «Алтын балалыкка» келди. Биз аларга реабилитация өткөрүп жатабыз. Алар өздөрүн жакшы сезүүдө. Жакын арада 400 бала, 170 аял Сириядан алып келинет. Аларды «Алтын балалыкта» реабилитация кылабыз. 3 айдын ичинде борборду кошумча адамдарды реабилитациядан өткөрүү үчүн даярдадык. Биринчиден медкызматкерлерди, экинчиден балдар ойногонго бөлмөлөрдү, үчүнчүдөн жылуулук, кийим-кече, койка, матрастарды даярдап койдук. Сириядан келгендерди кабыл алууга даярбыз», — деп билдирди ал.

Эске салсак, аталган борбор 2022-жылы 1-июнда расмий түрдө ачылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1049