7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бейшеналиев пара түрүндө алган акчанын калган бөлүгүн өз ыктыяры менен кайтарып берди

502

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев пара түрүндө алган акчанын калган бөлүгүн өз ыктыяры менен кайтарып берди. Бул тууралуу 7-каналга ИИМден билдирди.

Маалыматка караганда, Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан Билим берүү жана илим министри А.Бейшеналиевге карата 110 000 АКШ доллары өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш иши тергелүүдө.

«Аталган факты боюнча 29-сентябрда Бишкек шаарынын аймагында атайын иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда А.Бейшеналиев пара алып жаткан жеринен кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Андан соң, анын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, тергөө амалдарынын жүрүшүндө ал ыктыярдуу түрдө 37 500 АКШ долларын берген. Тергөөнүн жүрүшүндө А.Бейшеналиев 62 миң 500 АКШ доллары өлчөмүндө пара түрүндө алынган акчанын калган бөлүгүн өз ыктыяры менен кайтарып берди. Ал эми, Бейшеналиев тергөөнүн жүрүшүндө келтирилген зыяндын ордун толук толтурганын, анын өнөкөт ооруларга чалдыкканын, туруктуу жашаган жери, жашы жете элек 4 баласы бар экенин, тергөөгө тоскоолдук кылбай тургандыгы эске алынып, анын баш коргоо чарасын камакка алуу түрүнөн үй камагына өзгөртүлдү»,- деп берилет маалыматта.

Учурда кылмыш иши боюнча процессуалдык чечим кабыл алуу максатында ар тараптан толук жана объективдүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 27-сентябрында КРнын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан Индиянын жарандарынын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргогон П.Ф. аттуу жаран Индиянын жараны болгон студенттерди башка өлкөлөрдөн КРнын жогорку окуу жайларына которуу боюнча оң чечим чыгаруу үчүн Билим берүү жана илим министри Бейшеналиев опузалап акча талап кылып жаткандыгы жөнүндө арыз менен кайрылган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

503