7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бейшеналиев жана Зулушев ээлеген кызматтарынан убактылуу четтетилди

675

Алымкадыр Бейшеналиев жана Курманкул Зулушев тергөө мезгилине ээлеген кызматтарынан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата кылмыш ишин ар тараптуу жана адилет кароону камсыз кылуу максатында, КРнын кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде аныкталган ар ким анын күнөөлүүлүгү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун айыптоо өкүмү менен белгиленмейинче, кылмыш жасоого күнөөсүз деп эсептелет деген күнөөсүздүк презумциясынын конституциялык принцибин, ошондой эле иштин жагдайларын изилдөөнүн ар тараптуулук, толуктук жана объективдүүлүк принцибин көңүлгө алып, КРнын саламаттык сактоо министри менен КРнын Башкы прокурорунун ортосунда түзүлгөн жеке мамилелерди эске алып, Кыргыз Республикасынын 66, 71-беренелерин жана 89-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып:

— Саламаттык сактоо министри Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович кылмыш жасаганга шектүү деп кармалганга байланыштуу ал тергөө мезгилине ээлеген кызматынан убактылуу четтетилсин,

— Зулушев Курманкул Токторалыевич Башкы прокурору кызматынан тергөө мезгилине убактылуу четтетилсин.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

676