7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бекзат Алмаз уулу Олимпиадада шишиген тизеси менен күрөшкөн

418

Эркин күрөш боюнча балбан Бекзат Алмаз уулу Париждеги Олимпиадада шишиген тизеси менен күрөшкөн. Бул тууралуу спорттук журналист Тахир Гафуров билдирди.

Спорт журналисти Тахир Гафуров Бекзат Олимпиадага барганда эле тизеси шишип кеткенин айтып, убакыттын тардыгынан балбанды башка бирөөгө алмаштыруу мүмкүн болбогонун жазган. Дарыгерлер бир нече күн бою күнүнө эки маал антибиотик сайып, тизесиндеги суюктукту сордуруп чыгарып турушкан.

«Антибиотиктен Бекзаттын иммунитети алсырай түштү. Ага карабай балбан башындагы атаандашын жеңди. Жубатуучу беттеште да кытайлык атаандашын 7:4 эсебинде утту. Ал ооруганына карабай чыныгы эрдик көрсөттү», — деп жазган Гафуров.

Балбан Бекзат Алмаз уулу колого бир кадам жетпей калган.             

419