7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
-7°C

Бекжан Темирханды эскерүү концерти өтөт. Түшкөн каражат ырчынын тирүү кезиндеги мүдөөсүн аткарууга жумшалат

212

Жол кырсыгынан каза болгон ырчы Бекжан Темирханды эскерүү концерти 11-декабрда Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтөт. Концерттен түшкөн каражат ырчынын тирүү кезиндеги мүдөөсүн аткарууга жумшалат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эл артисти Сыймык Бейшекеев социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

«Турмуш бизди Атам деп ыйлатсын, бирок ботом деп сыздатпасын, деген экен акылман элибиз. Чыканактай кезинде чырагы өчкөн ушул Бекжан деген ырчы жигит жөнүндө сиздерге эки ооз сөз жазгым келди, жеке жакындан жакшы тааныштыгым болбосо дагы, эл катары ырларын угуп билип, бир эки иш чарада кол алышып амандашып калган жайым бар эле. Жаш кеткени абдан өкүнүчтүү болду, не бир ой максаттары, келечек пландары, канчалаган чыга элек ырлары өзү менен кошо кетти аттиң. Ыраматылык Таалай Бектурганов дагы ушундай гүлгүн курагында күлойрон тагдырга тушукту эле, бейишин берсин жараткан. Менин айтайын дегеним, Бекжанды жакындан билген сахналаш инилерим келиптир мага кеңешкени, үй бүлөдө баарын көтөргөн Бекжан эле, шаардан үй алып ата эне бир туугандарымды көчүрүп келсем деген тилектери аткарылбай калды, кандай кеңеш бересиз, кандай кылсак туура болот деп. Айткан кеңешимди сиздерге дагы бөлүшүп кетүүнү туура көрдүм, көзү өтүп кеткен маркумдун жасалбай аткарылбай калган максат ойлорун улантыш артындагы тирүүлөрдүн парзы деп түшүнөм. Ата Энесине үй алып берсем деген аруу тилегин арбагы ыраазы болсун деп биз аткарууга белсенип турабыз,
11 — декабрь күнү саат 19:00дө Кожомкул атындагы спорт ордосунда Бекжан Темирханды эскерүү концертин өткөрөбүз. Бекжандын күйөрмандары концертке келип, ырларын угуп, концертке келе албагандар, мисалы алыстагы мекендештер атайын ачылган банктык эсепке каражат которсоңуздар болот, түшкөн каражат толугу менен менин жеке көзөмөлүмдө болуп, Бекжандын тирүү кезиндеги мүдөөсүн аткарууга жумшалат, өлгөндөр даңкталбай, тирүүлөр баркталбайт эмеспи, келиңиздер арбак алдында тирүүлүк парзыбызды аткарууда ниеттеш бололу»,-деген ал.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал || 7 kanal (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

213